
.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Махмудов мелдеште 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Коло медаль үчүн беттеште ал кытайлык балбан Халишан Бахежиан менен күрөшүп, жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин 77 кг салмак категориясында мелдештерге катышып келген. Бул жолку дүйнө чемпионатында ал алгачкы жолу 82 кг чейинки салмакта күч сынашты.