
.
Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова Дубайда сүйүктүүсүнөн баш кошуу сунушун алды.
Спортчу кубанычтуу жаңылыгын Instagram баракчасына бөлүшүп, сүрөтүнө «Ооба. Түбөлүккө» деп жазган.
Анын катталуучулары жаштарды куттуктап, бактылуу болуусун каалап жатышат. Ошондой эле айрым колдонуучулар Сезимдин тандаган адамы да спортчу экенин белгилешкен.



