
.
Сот экс-депутат Шайлообек Атазовду актады
Ал өзүнүн соцтармактагы баракчасында кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын жазды. Атазов өзүнө каршы иш ойдон чыгарылганын айтып, акыркы эки жылда колдогондордун баарына ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, ал 2024-жылы Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. Бир жылдан кийин массалык башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, тергөө абагында эки ай отурган.



