
.
Бишкекте 9 млн сомду алдамчылык жолу менен алган деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу 15-октябрда «Кабар» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «К» бөлүмүнөн билдиришкен.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2026-жылдын июнь айында өзүнө мамлекеттик органдардын атынан телефон чалуулар болуп, натыйжада 9 млн сом которгонун билдирген. Кийинчерээк ал акчасын алдамчыларга берип алганын түшүнгөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 2005-жылы туулган Б.Д. жана 2007-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандарды кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.



