
.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалганы кабарланды. Бул тууралуу «Азаттык» жеке булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, мурдагы чиновниктер 9-октябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Башкы прокуратура азырынча иштин чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын февраль айында Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагалыгынан бошоткондон кийин Курванбек Авазов да атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары — Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан алынган.
Ал эми Каныбек Досмамбетов ошол эле айда саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган. Буга чейин ал УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси жана атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
«Азаттыктын» маалыматына ылайык, мурдагы кызматкерлердин жакындары кылмыш иши боюнча азырынча комментарий бере элек.



