
.
Кыргызстанда ички өндүрүштү колдоо максатында алма импортун алты айга убактылуу чектөө сунушталууда. Бул боюнча тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы өлкөдө болжол менен 179,4 миң тонна алма жыйналары күтүлүүдө. Учурда мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Министрлик импортту убактылуу чектөө менен жергиликтүү дыйкандар өндүргөн түшүмдү өз убагында сатууга шарт түзүүнү жана продукциянын ысырап болушун азайтууну көздөп жатат.
Алманын жапырт жыйноо мезгилинде ички рынокко жергиликтүү продукциянын көлөмү көбөйөт. Ушуга байланыштуу түшүмдү уюшкандыкта сатуу жана калкты жеткиликтүү баада алма менен камсыз кылуу маселесине көңүл бурулат.
Импортко чектөө киргизүүнүн так мөөнөтү жана шарттары токтомдун долбоору каралып бүткөндөн кийин аныкталат.







