
.
Кыргызстанда алтын менен камсыздалган дүйнөдөгү алгачкы стейблкоин долбоорунун иши токтотулду. Кеп баасы АКШ долларына байланган USDKG токени тууралуу болуп жатат.
Стейблкоин — наркы белгилүү бир валютага же алтын, мунай сыяктуу активдердин баасына байланыштырылган криптовалюта. USDKG токенинин баасы бир АКШ долларына тең болгон.
Долбоор 2025-жылдын ноябрында каттоодон өтүп, ошол эле айда президенттин катышуусунда токендерди чыгаруу башталган.
Долбоордун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, өкмөттүн 20-августтагы тескемесинин негизинде USDKG долбоору токтотулган.
Токен ээлери колундагы USDKGди акча каражатына же долларга байланган башка стейблкоин — USDTге алмаштыра алышат.
Долбоорду токтотуунун себептери расмий түрдө айтылган эмес. Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Каржы министрлигине кайрылдык, бирок азырынча жооп келе элек.







