
.
Чүй облусунда атасы менен уулу топ баладан 15 жаштагы өспүрүмдү ажыратууга аракет кылып жатып сабалган. Натыйжада атасынын баш сөөгүнө операция жасалып, уулунун абалы оор бойдон калганы айтылууда.
Жабыркагандардын апасы окуя боюнча кайрылып, ишти көзөмөлгө алууну өтүндү. Анын айтымында, окуя учурунда алты баланын колунда кастет жана бычак болгон.
Аялдын билдирүүсүнө караганда, окуядан кийин жолдошу майып болуп калган, ал эми уулу дагы деле оор абалда жатат. Ошондой эле ал шектүүлөрдүн сот тарабынан үй камагына чыгарылганына нааразы экенин билдирди.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя боюнча төрт адам кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр спирт ичимдигин ичип, коомдук тартипти бузганы аныкталган.
Төрт шектүү 3-октябрда кармалган. 5-октябрда соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган.







