
.
Өзгөн районунда санитардык талаптарга жооп бербеген эски мал союучу жайдын иши токтотулуп, мал союу жаңы жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда интернет булактарында Өзгөн районундагы мал союучу жайдан чыккан кандын калдыктары каналга төгүлүп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Буга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Баш-Дөбө айыл аймагындагы эски мал союучу жайдын септиги толуп кетип, калдыктар сыртка агып чыкканы аныкталган.
Жыйынтыгында эски мал союучу жайдын иши токтотулуп, имараты жабылган. Мал союу иштери жаңы жайга көчүрүлгөн.