
.
Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов кармалганы тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматка караганда, Сулаймановду Ички иштер министрлиги 3-октябрда кармаган. Ал эми 5-октябрда Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ага карата 3-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Буга чейин мурдагы министрдин кармалганы тууралуу милициядагы булактар маалымдаган. ИИМ азырынча расмий билдирүү тарата элек. Сулаймановдун учурда кайсы иштин алкагында кармалганы да так белгисиз.
Нурлан Сулаймановдун аты буга чейин да кылмыш ишине байланыштуу аталган. Башкы прокуратура 2012-жылы ага жол куруу боюнча тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Ошол учурда Сулайманов Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты болгон. Ага “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган.
Кийин Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ушуга байланыштуу 2014-жылы ага издөө жарыяланган. 2018-жылы Башкы прокуратура кылмыш иши убактылуу токтотулганын жана Сулайманов кармалса камакка алынып, иши сотко өткөрүлөрүн билдирген.
Бирок 2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда бул кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы белгилүү болгон. Бишкек шаардык соту кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Сулайманов жоопкерчиликтен бошотулганын билдирген.
Акыркы жылдары анын ысымы өлкөнүн түштүгүндө курулган автожолдорго байланыштуу да айтылып келген. Ошондой эле Камчыбек Ташиев кызматта турган учурда аны коштоп жүргөн сүрөттөрү жана видеолору тараган.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы болуп турган мезгилде Сулайманов өкмөттүн айрым жыйындарына катышып жүргөнү белгилүү болгон.



