
.
Францияда мектеп окуучуларынын билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө каршы нааразычылык акциялары үчүнчү жумага өтүп, өлкөнүн бир катар аймактарына жайылды. 6-октябрда окуучулар менен студенттердин жалпы улуттук акциясы өтүп жатат.
Нааразылык акциялары 21-сентябрда Парижге жакын Кретей шаарындагы мектептен башталган. Окуучулар мугалимдердин жетишсиздигине, класстардын толуп кеткенине, мектеп имараттарынын начар абалына жана билим берүү тармагына каражаттын аз бөлүнүшүнө нааразы болушууда. Ошондой эле жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы Parcoursup платформасын жоюу талаптары айтылууда.
Акцияларга өлкө боюнча жүздөгөн мектептер кошулду. 5-октябрда болжол менен 590 мектепте окуу процесси үзгүлтүккө учураганы маалымдалган. Ал эми буга чейинки күндөрдө нааразылык акцияларына 1 миңден ашык окуу жай катышкан.
Айрым шаарларда митингдер полиция менен кагылышууга чейин жеткен. Франциянын билим берүү министри Эдуар Жеффре акциялар башталгандан бери 190 окуучу жаракат алганын билдирген. Ошондой эле 78 билим берүү кызматкери жаракат алганы айтылууда.
Ланс шаарында акция учурунда 15 жаштагы окуучу полиция колдонгон жардыруучу гранатаны колуна алгандан кийин оор жаракат алып, колунан ажыраган. Бул окуя боюнча расмий иликтөө башталган.
Мындан тышкары, полиция менен кагылышуулардан кийин 5 миңден ашык адам кармалганы, алардын басымдуу бөлүгү жашы жете электер экени кабарланууда. Бийлик акциялардын мындан ары күчөп кетишине жол бербөө үчүн коопсуздук чараларын күчөтүүдө.



