
MTalX 2026
6-октябрда MTalX 2026 жабык көрсөтүүсү өтүп, анда MBANKтын CEO’су Марат Торалиев банктын инновациялык иштелмелерин тааныштырды. Иш-чарага негизги өнөктөштөр, медиа өкүлдөрү жана рыноктун лидерлери чогулуп, санарип банк секторундагы жаңы стандарттар сунушталды.
Mashina жана MHouse трансформациясы
MtalX’та Mashina жана MHouse кызматтарын MBANK’тын экосистемасына толук интеграциялоо жарыяланды. Кызматтар кадимки жарыя платформаларынын алкагынан чыгып, толук кандуу санарип борборлорго айланды.
Mashina эми айына 1 миллион активдүү колдонуучуну камтып, 100 000ден ашык жарыяны бириктирет. Колдонмонун ичинде автоунааны текшерүүдөн тартып, автоунааны тез арада каржылоого жана ОСАГО камсыздандыруусун тариздөөгө чейинки бардык этаптарды өтүүгө болот.
MHouse кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүүгө арналган платформага айланды: эми сатып алуу, сатуу, ижарага алуу жана ипотеканы тариздөө түздөн-түз колдонмонун ичинде жүргүзүлөт.
Картомат аркылуу аты-жөнү жазылган карта бир мүнөттө
MBANK Кыргызстанда аты-жөнү жазылган карталарды улуттук масштабда заматта чыгаруу технологиясын биринчи болуп ишке киргизди. Буга чейин картаны персоналдаштыруу үчүн күтүүгө жана банкка барууга туура келчү. Эми картоматтардын жардамы менен процесс болгону 60 секундду талап кылат — колдонмодогу QR-кодду сканерлөө жетиштүү.
Бүгүнкү күндө банктын Кыргызстандын бардык аймактарындагы бөлүмдөрүндө 56 персоналдаштырылган жана 9 инстант-картомат орнотулган.
Кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөгөн MIA үн жардамчысы
Негизги жаңылыктардын бири — интеллектуалдык үн жардамчысы MIA болду. Ал MBANK колдонмосуна интеграцияланып, эки тилдеги — кыргыз жана орус тилдериндеги — сөздү эркин тааныйт.
MIA керектүү кызматтарды мааниси жана ассоциациялары боюнча табат: кредит тариздөөдөн тартып маркетплейстен товар издөөгө чейин. Мунун аркасында колдонуучуга функцияларды менюдан кол менен издөөнүн кереги жок.
MPay Alakan алакан менен төлөө: Кыргызстанда биринчи жолу
Негизги технологиялык жаңылык — MPay Alakan менен төлөө технологиясынын презентациясы болду. Технология смартфон, карта же накталай акча колдонбостон төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Сенсорлор алакандагы веналардын уникалдуу түзүлүшүн таанып, аны жасалмалоого мүмкүн болбогон шифрленген кодго айландырат.
Транзакция MKassa POS-терминалынын сканерине алаканды жакындатуу менен жүргүзүлөт. MBANK системанын коопсуздугун баса белгилейт: маалыматтар корголгон жана аларды кармап калууга мүмкүн эмес.
« Рынок өзгөрүүлөргө реакция кылып жатканда, биз жаңы санарип реалдуулукту түзүп жатабыз. Эскирген тоскоолдуктарды жойдук: үч күндүк күтүүнүн ордуна картоматтар келди, ал эми татаал издөө жасалма интеллект аркылуу түз башкарууга алмашты. Биздин технологиялык артыкчылыгыбыз — смартфонду чөнтөктө алып жүрүүнүн зарылчылыгын жок кылган MPay Alakan менен төлөө технологиясы», — деди MBANKтын CEOсу Марат Торалиев.
Презентациянын масштабы Кыргызстандын санариптик рыногунун жогорку ылдамдыкта өнүгүп жатканын дагы бир жолу көрсөттү. MTalX 2026да сунушталган чечимдер өлкөнүн бүтүндөй каржы системасы үчүн жаңы деңгээлди белгилейт.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.