
.
Италиянын Езоло шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасындагы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын жаштар курама командасы 4 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 18-27-сентябрь күндөрү уюштурулган мелдешке дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн спортчулар катышкан. Кыргызстандын спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынды.
48 килограммга чейинки салмакта Low Kick багыты боюнча юниорлор арасында күч сынашкан Абуубакр Алимов дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль жеңди.
Ал эми Даниэль Дрожжаков (57 кг чейин) менен Самир Лю (67 кг чейин) күмүш медаль тагынды. Рабия Исраилова 44 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болду.