
.
Чүй облусунда электр энергиясына карызы бар 10 миңден ашык абоненттин электр жарыгы 28-30-сентябрь күндөрү өчүрүлөт. Бул тууралуу «Чүй электр тармактары» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр энергиясын өчүрүү АИСКУЭ системасына туташкан эсептегичтер аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
Абоненттер электр энергиясына болгон карызын «Мой свет» тиркемеси же сайты аркылуу текшере алышат.
Карызды төлөм терминалдары, MBank, O!, MegaPay сыяктуу электрондук капчыктар, ошондой эле банктардын кассалары аркылуу төлөөгө болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн 105 же 0702 001 209 номерлерине кайрылса болот.