
.
Бишкекте электровелосипед менен бара жаткан эки адамды Mazda-323 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, кырсыктан 18 жаштагы жигит каза болду. Жол кырсыгы 27-сентябрда болгонун кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы айдоочу Тоголок Молдо көчөсү менен бара жатып, курьердин электровелосипедин сүзгөн. Алдын ала маалыматта айдоочу мас абалында болушу мүмкүн экени айтылууда.
Кагылышуунун натыйжасында велосипедге учкашып бара жаткан 18 жаштагы жигит окуя болгон жерде каза болуп, ал эми велосипедди башкарып бара жаткан адам ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыгына шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.