
.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык унаасы жол эрежесин 56 жолу бузуп, жалпы 64,8 миң сом айып пул топтолгону тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.
Маалымат мамлекеттик Tolom.kg порталынан алынган скриншотко негизделген.
Социалдык тармактардын колдонуучулары унаа боюнча суроолорду жаратып, мыйзамга ылайык айып пулдун суммасы 3 миң сомдон ашкан учурда унаа айып короого киргизилиши керектигин белгилешкен.
Бишкек мэриясы бардык айып пулдар төлөнгөнүн маалымдады. Ошондой эле айдоочу менен жол эрежесин бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Кийинчерээк социалдык тармактарда жарыяланган экинчи скриншотто айып пулдар тууралуу маалыматтар көрүнбөй калганы көрсөтүлгөн.