
.
Кыргызстандын жарандары алдыдагы президенттик шайлоодо каалаган шайлоо участогуна барып добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо колдонулган аралыктан добуш берүү системасы президенттик шайлоодо да иштейт.
«Мурунку президенттик шайлоодо мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул чара шайлоого катышкандардын санын көбөйтүүгө багытталган», — деди Шайназаров.
Ошондой эле Жогорку Кеңеште байкоочулар үчүн коомдук палата түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, атайын зал уюштурулуп, жарандар каалаган шайлоо участогун ачып, андагы добуш берүү процессин онлайн көрө алышат.
Мындан тышкары, БШК төрагасы шайлоонун жумуш күнүнө белгиленишине да токтолду. Анын белгилешинче, шайлоо жумуш күндөрү өткөрүлгөн айрым мамлекеттерде жарандардын добуш берүүгө катышуусу жогору экени байкалган.