
.
Илимдер академиясынын эксперти Гүлбара Оморованын маалыматына караганда, спутниктен алынган маалыматтар Адыгине мөңгү системасынын аянты 1962-жылдан бери 20%га кыскарганын көрсөтүүдө.
Маалыматка ылайык, мөңгүнүн аянты 3,5 чарчы чакырымдан 2,8 чарчы чакырымга чейин азайган.
Адистердин айтымында, мөңгүлөрдүн эриши келечекте дарыялардагы суунун көлөмүнүн азайышына алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу мөңгүлөрдүн абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүү зарыл.