
.
Кыргызстандын улуттук футбол курамасынын оюнчулары Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов жана Алимардон Шукуров Бишкектеги Балдардын онкология жана онкогематология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардан кабар алышты.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына караганда, футболчулар жаш күйөрман Эржан менен жолугуп, ага белек тапшырышты. Ал көптөн бери улуттук кураманын оюнчулары менен жолугуп, алар менен бирге футбол талаасына чыгууну кыялданып келген.
Футболчулар Эржанды 28-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан — Мальдив аралдары беттешине чакырышты. Ал оюн башталар алдында улуттук кураманын футболчулары менен бирге талаага чыгат.
Мындан тышкары, спортчулар ооруканада дарыланып жаткан башка балдарга да белектерди тапшырып, алар үчүн өнүктүрүүчү жана көңүл ачуучу оюндарды уюштурушту.
Маалыматка ылайык, Эржан Балдардын онкология жана онкогематология бөлүмүндө 11 айдан бери дарыланып келет. Учурда ал реабилитациядан өтүп, өз алдынча баса баштаган.