
.
Тоң районунун Аксай айылында спутниктик маалыматтар жана жасалма интеллектти колдонуу менен жүгөрү жана күн карама өстүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында айыл чарба талааларынын абалы спутник аркылуу көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун климаттык шарттарына окшош аймактар изилденип, мындай шарттарда жогорку түшүм берген жүгөрү жана күн караманын сорттору аныкталган.
Анын негизинде Аксай айылындагы пилоттук талаага жергиликтүү шартка ылайыктуу үрөндөр тандалып себилген. Сугат суусунун көлөмү көбөйтүлбөй, талаа эки жолу гана сугарылган. Жүгөрү менен күн карама аралаш өстүрүлгөн.
Долбоордун маалыматына ылайык, мындай ыкманын натыйжасында пилоттук талаада түшүмдүүлүк 33 пайызга жогорулаган.
Долбоор Кыргыз улуттук университети жана «Кыргызстан спутник» долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Адистердин айтымында, спутниктик технологиялар жана жасалма интеллект талаалардын абалын көзөмөлдөөгө, көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана сугат суусун үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгынын негизинде бул тажрыйбаны башка аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.