
.
Нарында балдар арасында залалдуу шишик ооруларынын катталуу көрсөткүчү жогору. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусунда 100 миң балага залалдуу шишик ооруларынын 10-12 учуру туура келет.
Дарыгер бул көрсөткүч Нарындын өзүндө оорунун чындап көп экенин же аймактагы дарыгерлер дартты эрте аныктап, бейтаптарды Бишкекке өз убагында жөнөтүп жатканын билдириши мүмкүн экенин белгиледи.
Стамбековдун маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына залалдуу жана залалсыз шишиктер аныкталган 500дөн ашык бала катталат. Алардын ичинен рак диагнозу коюлган балдардын саны 200гө жакын.
Анын айтымында, 2014-жылга чейин өлкөдө жылына рак менен ооруган балдардын 70ке жакын учуру гана катталган.
«Азыр 200гө жакындады. Бул көзөмөл, система жана дарыгерлердин иши жакшырганын көрсөтөт. Мурда рак оорусу болгон эмес деген туура эмес. Ал кезде оору көп учурда аныкталбай, билинбей өтүп кетчү», — деди онколог.



