
.
Россиянын AY YOLA тобу жаңы чыгарган Amanat аттуу ырында дүйнөнүн белгилүү сегиз эпосуна кайрылды.
Алардын катарында кыргыз элинин “Манас”, башкырлардын “Урал-Батыр”, якуттардын “Олонхо”, байыркы Месопотамиянын “Гильгамеш”, Индиянын “Махабхарата”, түрк элинин “Көроглу”, калмактардын “Жангар” жана казактардын “Алпамыш” эпостору бар.
Топтун өкүлдөрүнүн айтымында, ырдын идеясы Россиядагы жана чет өлкөлөрдөгү сапарлары учурунда жаралган. Музыканттар ар кайсы аймактарга баруу менен жергиликтүү элдердин салт-санаасы жана кылымдар бою муундан муунга өтүп келген байыркы уламыштары менен таанышкан.
Авторлор Amanat чыгармасы аркылуу ар түрдүү элдердин маданий мурастарын бириктирүүнү көздөшкөнүн белгилешкен.



