
.
Январь-июль айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1,5 млн жуптан ашык байпак экспорттолгон.
Экспорттун негизги бөлүгү — 1 млн 440 миң жуп байпак Орусия менен Казакстанга жөнөтүлгөн. Бул өлкөлөр Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат.
Мындан тышкары, кыргыз байпактарын Өзбекстан жана Тажикстан да сатып алган. Аларга 10 миң жуптан ашык продукция экспорттолгон.
Ал эми Кытайга 3,4 миң жуп байпак жөнөтүлгөн. Статистикада АКШга бир жуп байпак экспорттолгону да көрсөтүлгөн.