
.
Кыргызстанда акыркы жумада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен 4 366 адам медициналык жардамга кайрылды. Бул тууралуу Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 74,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал азырынча туруктуу экенин билдирди. Вирустук инфекциялардын көбөйүшү мезгилдин алмашуусуна жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу экени белгиленди.
Министрлик Коомдук саламаттык боюнча улуттук институттун божомолуна таянып, жакынкы апталарда респиратордук инфекциялардын күчөшү күтүлүп жатканын маалымдады. Ооругандардын саны аптасына 6 660 учурга чейин жетиши мүмкүн.
Ошондой эле бейтаптардан алынган анализдерден күз-кыш мезгилинде активдешүүчү вирустар аныкталып жатканы айтылды.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды оорунун белгилери байкалган учурда өз алдынча дарыланбай, өз убагында дарыгерге кайрылууга чакырды. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерге барбоо, ооруп жаткан балдарды мектепке жана бала бакчага жибербөө, коомдук жайларда беткап тагынуу сунушталууда.
Адистердин айтымында, аба ырайынын суукташы менен сасык тумоо жана ОРВИ сыяктуу респиратордук инфекциялардын жайылышы күчөшү мүмкүн.