
.
Кыргызстан жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча жаңы эл аралык уюмду түзүүгө катышкан мамлекеттердин бири болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Кытайдын жаңы эл аралык түзүмдү түзүү демилгесин колдойт жана анын ишине активдүү катышууга даяр.
«Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүн каалайбыз», — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы электрондук соода, санариптик логистика жана төлөмдөр жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Ошондой эле чакан жана орто бизнеске жасалма интеллект чечимдерин киргизүү, маалыматтарды иштетүү жана технологияларды трансферттөө борборлорун биргелешип түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоо жана бул багыттарда адистерди даярдоо маселелерине көңүл бурду.
Адылбек Касымалиев учурда Кытайда иш сапар менен жүрөт. Анын алкагында ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.