
.
Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Петрашов квалификациялык жарышта 200 метрди 2:11.13 убакытта сүзүп, биринчи орунду ээлеген.
Ал эми финалдык жарышта спортчу аралыкты 2:08.67 убакытта басып өтүп, жыйынтыгында экинчи орунга ээ болду.
Ушуну менен Денис Петрашов Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына күмүш медаль кошту.