
.
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.
Бул чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 23-сентябрда кабыл алганын соттун басма сөз кызматы билдирди.
Кадыров менен бирге А.Ж.А. аттуу дагы бир адам кармалган. Анын ким экени азырынча тактала элек.
УКМК кылмыш иши боюнча азырынча маалымат бере элек. Иш кайсы берене боюнча козголгону да белгисиз.
36 жаштагы Азамат Кадыров 2023-жылы Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү боюнча орун басары болуп дайындалган. Ал 2026-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.
Кылмыш ишине байланыштуу Кадыровдун адвокаты жана жакындары азырынча комментарий бере элек.