
.
Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары үчүн эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө. Ага ылайык, айдоочулардын маянасы алардын ишинин сапатына жана тартип сактоосуна жараша болот.
Жаңы система боюнча:
🔹 жүргүнчүлөрдүн негиздүү нааразычылыгы тастыкталса, айдоочунун айлыгы 20%га чейин кыскартылат;
🔹 белгиленген графикти бузган учурда да төлөм азайтылат;
🔹 айдоочулардын иш тартибине жана тейлөө сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен киргизилип жаткан жаңы тартип коомдук транспортто тейлөө сапатын жогорулатууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.