
.
Бишкекте 25-сентябрда акысыз кан тапшыруу акциясы өтөт
25-сентябрда Бишкектеги Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон акысыз кан чогултуу акциясы уюштурулат. Иш-чара Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дарегинде өтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акциянын негизги максаты — өлкөдө донордук канга болгон муктаждыкты камсыз кылуу. Мындан тышкары, үзгүлтүксүз кан тапшыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү, жаштарды кайрымдуулукка жана бири-бирине жардам берүүгө үндөө, ошондой эле донорлорго ыраазычылык билдирүү максат кылынууда.
Кыргызстанда Кан донорунун улуттук күнү жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленет.
Учурда өлкөдө ар бир миң адамга орточо 12 донор туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму миң адамга 40 донор болушун сунуштайт. Буга байланыштуу Кыргызстанда донордук канга болгон муктаждык жогору бойдон калууда.
Акцияга катышууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин алып келиши керек. Кан тапшыруудан мурун майлуу, куурулган тамактарды жана сүт азыктарын колдонбоо сунушталат.
Министрликтин маалыматы боюнча, Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30,5 миң литр донордук кан даярдалат.