
.
Бишкекте дарыгерлер Ош шаарынан жөнөтүлгөн 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн бөтөн затты — тыйынды операция жолу менен алып чыгышты.
Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын маалыматына ылайык, тыйын баланын кызыл өңгөчүндө болжол менен 5 ай бою турган.
Баланын абалы алгач кусуу, тамактан баш тартуу жана кийинчерээк жөтөл менен коштолгон. Ош шаарында бир нече жолу медициналык жардамга кайрылып, дарыланганына карабастан, абалы жакшырган эмес. Рентгендик текшерүүдөн кийин кызыл өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталып, бала Бишкекке жөнөтүлгөн.
Бишкектик дарыгерлер жалпы наркоз алдында операция жасап, кызыл өңгөчтөн номиналы 10 рубль болгон, карарып кеткен тыйынды алып чыгышкан.
Учурда баланын абалы туруктуу жана ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.