
.
Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонунун 37 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө карата өлкө боюнча бала бакчаларда, мектептерде, мамлекеттик мекемелерде жана башка уюмдарда ар кандай иш-чаралар уюштурулууда.
Кыргыз тилине мамлекеттик макам 1989-жылдын 23-сентябрында берилген. Ал эми 2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койгон.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле расмий иш-чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүшү керек.
Ошол эле учурда кыргыз тилинин мамлекеттик макамына карабастан, аны колдонуу жана өнүктүрүү жаатында бир катар көйгөйлөр бар. Коомчулукта айрым расмий иш-чаралардын дагы деле орус тилинде өткөрүлүшүнө байланыштуу сын-пикирлер айтылып келет.



