
.
Коомчулукка «Ташчайнар» каймана аты менен таанылган Нурлан Алишеровдун 2006-жылы туулган кызы Турсунай Табалдиева дайынсыз болуп изделүүдө.
Бул тууралуу активист жана блогер Алтынбек Анарбеков 22-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеосунда билдирди.
Маалыматка ылайык, Турсунай акыркы жолу 13-сентябрда саат 10:30 чамасында Бишкектеги Филармониянын аймагынан жакындары менен байланышкан. Ошондон бери андан кабар жок.
Турсунайдын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефон номерлерге кабар берүү өтүнүлөт: 0700 01 49 35, 0705 35 75 35.



