
.
Абдумомунов атындагы театр 100-театралдык сезонун ачты
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 23-сентябрда 100-театралдык сезонунун ачылыш аземин өткөрдү.
Салтанатка Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү жаңы сезондун башталышы менен куттуктады. Ал кыргыз театр өнөрүнүн улуттук маданияттагы маанисине токтолуп, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Аземде театрдын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова да сөз сүйлөштү.
Иш-чарага кыргыз театр өнөрүнүн ардагерлери жана Кыргыз Республикасынын Эл артисттери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар театрдын чыгармачылык тарыхын эскерип, азыркы муунга ак баталарын беришти.
Театрдын жаңы сезону Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен ачылды.
100-театралдык сезон театрдын көп жылдык чыгармачылык салтынын уландысы болуп, алдыда көрүүчүлөргө жаңы спектаклдер жана маданий долбоорлор сунушталат.



