
.
Жогорку класстын окуучуларын жана студенттерди ишембиликке жана коомдук иштерге тартуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Советбек Рустамбек уулу билдирди.
Анын айтымында, мындай сунушту Ноокат районундагы мугалимдер айтып, 10–11-класстын окуучуларын мурдагыдай эле коомдук иштерге тартуу зарылдыгын белгилешкен.
Депутаттын айтымында, айрым шаардык окуучулар жөнөкөй эмгек куралдарын колдонуу көндүмдөрүнөн алыстап бара жатышат.
«Мугалимдер 10–11-класстын окуучуларын ишембиликке тартса жакшы болмок деп жатышат. Окуучулар бош жүрүшөт. Шаар жеринде айрым балдар күрөк, кыздар шыпыргы кармаганды билбей калыптыр. Окуучуларды жана студенттерди ишембиликке же коомдук иштерге тартуудан эч кандай зыяны жок», — деди эл өкүлү.







