
.
Кыргызстанда турак жайдын ижара акысы рыноктогу суроо-талап менен сунушка жараша аныкталат. Мамлекет ижара баасына түздөн-түз чектөө койбойт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, ижара акысынын көлөмүнө үйдүн жайгашкан жери, абалы жана башка экономикалык факторлор таасир этет.
Ведомство рыноктук экономиканын принциптерине ылайык, турак жай рыногунда бааларды мамлекет бекитпей турганын белгиледи.
Ошол эле учурда мамлекет турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, курулуш тармагын өнүктүрүү жана кыймылсыз мүлк рыногунда сунушту көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания да иш алып барууда.



