
.
Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын «Торугарт» аркылуу экспорттоого макулдашылды
Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу экспорттоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу 22-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбековдун Кытайдагы иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Акунбеков Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын талкуулады.
«Торугарт» аркылуу кошумча маршруттун ачылышы кыргызстандык дыйкандарга жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, анын ичинде Чүй облусундагы ишкерлерге продукциясын Кытай рыногуна чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле бул «Эркештам» өткөрмө пунктундагы жүктөмдү азайтууга шарт түзөт.
Жолугушууда «Торугарттын» иштөө режимин узартуу мүмкүнчүлүгү да каралды.
Мындан тышкары, Кытайга жылкыларды, термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияларды, ошондой эле жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоону жөнгө салган үч протоколго кол коюлду.
Тараптар кыргызстандык айыл чарба продукцияларынын Кытай рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашты.







