
.
Дастан Бекешев Бишкектеги курулуштардын сапатын сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте курулуш иштеринин көп жүргүзүлүп жатканына оң баа берип, бирок алардын сапатына көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Эл өкүлү жолдордун айрымдары кыска убакытта эле бузулуп жатканын белгилеп, ошондой эле жаңы имараттарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жетиштүү шарттар каралбай жатканын сынга алды.
Бул тууралуу Бекешев 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
«Курулуш министри Нурдан Орунтаевди абакка эмес, майыптардын арабасына отургузуп, курулуштарды кыдыртуу керек. Мамлекеттен каражат бөлүнүп жатат, бирок сапатына ким көзөмөл кылат? Курулуш министри каякты карап жатат?» — деди депутат.







