
.
Айдоочулук күбөлүк алуудагы практикалык экзамендер үчүн 250дөн ашык унаа бөлүнөт
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүп, кезектерди азайтуу максатында 250дөн ашык транспорт каражаты бөлүнөт.
«Унаа» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, буга чейин айрым талапкерлер теориялык экзаменди тапшыргандан кийин практикалык сынакка бир айга жакын убакыттан соң кирип келишкен.
Бул маселелер президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда өткөн кеңешмеде талкууланды. Жыйында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар каралды.
Ошондой эле чет өлкөдө иштөөнү көздөгөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын даярдоо үчүн Code 95 талаптарына жооп берген заманбап автодром курулуп жатканы маалымдалды.
Кеңешменин жыйынтыгында экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.







