
.
Кыргызстанга кирип келе жаткан мөөнөтү өткөн таттуулар жүктөлгөн унаа кармалды
Кыргызстанга кирип келе жаткан жүк ташуучу унаадан мөөнөтү өтүп кеткен таттуу азыктар аныкталды.
Текшерүү учурунда Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix бренддерине таандык 263 куту таттуу азык табылган. Алардын айрымдарынын сактоо мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду.
Жүктүн алдын ала баасы 2 млн 500 миң сомдон ашары аныкталды.
Бул факты боюнча Салык кызматы тиешелүү актыларды түзүп, материалдарды андан ары чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берди.