
.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат.
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Чектөө курулуш блоктору, кирпич, плитка, айнектин айрым түрлөрү жана электр кабелдерин импорттоого тиешелүү.
Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга ташылып келген товарларга бул чектөө колдонулбайт. Өлкө аймагы аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө да тыюу салынбайт.
Мындан тышкары, стратегиялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын алып кирүүгө уруксат берилет.