
.
Депутат Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна мораторий киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Бишкектеги жол тыгынын азайтуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, борбор калаада көп кабаттуу үйлөрдүн саны тездик менен өсүп жатат, бирок унаа токтотуучу жайлар жана жол инфраструктурасы жетишсиз.
Депутат реновациянын алкагында эки кабаттуу үйлөрдүн ордуна 15-16 кабаттуу имараттар курулуп жатканын белгиледи. Ал курулуштарды шаардын сыртына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
«Эгер тынымсыз кура берсек, бул көйгөй чечилбейт. Балким, шаарда көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизип, курулуш иштерин шаардын сыртына чыгаруу керекпи? Же метро куруу керекпи?» — деди Жаанбаев.
Депутат Ош шаарында да ушундай көйгөй бар экенин кошумчалады.







