
.
Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар курама командасы CAFA U-17 Women’s Championship эл аралык мелдешинде тарыхта биринчи жолу алтын медаль тагынды.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, чемпионат 15–19-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары катышты.
Кыргызстандык футболчу кыздар үч оюн өткөрүп, анын экөөндө жеңишке жетишти:
Жыйынтыгында кыргызстандык кыздар 7 упай топтоп, мелдештин чемпиону болушту. Иран 6 упай менен экинчи, Өзбекстан 4 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Тажикстан упай топтой алган жок.
Бул — Кыргызстандын жалпы курама командаларынын тарыхында CAFA чемпионатындагы алгачкы алтын медаль. Буга чейин 17 жашка чейинки кыздар курама командасы 2023 жана 2025-жылдары коло байгеге ээ болгон.
CAFA U-17 Women’s Championship мелдеши Борбор Азиянын футбол ассоциациясы тарабынан 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет. Өзбекстандын курама командасы буга чейин чемпионатты үч жолу жеңген.



