
.
Кыргызстанда жумуш издеген жарандарга бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөргө вакансияларын жарыялоого шарт түзгөн Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары иштелип чыкты.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда өткөн аппараттык кеңешмеде билдирди.
Жыйында калкты жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, жарандардын жумуш издөөсүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жаңы платформалар аркылуу жумуш издегендер өздөрүнө ылайыктуу бош орундарды карап, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми иш берүүчүлөр өздөрүнүн бош вакансиялары тууралуу маалыматтарды жайгаштыра алышат.
Ошондой эле аппараттык кеңешмеде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды.



