
.
2026-жылдын 19-сентябрында эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү.
Аталган масштабдуу иш-чараны «Арашан» кой багуучулар ассоциациясы уюштуруп, ага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер, ошондой эле ата мекендик малчылар менен айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.
Фестивалдын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу сөз сүйлөп, мамлекет тарабынан асыл тукум мал чарбасын колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлерге көмөк көрсөтүү максатында 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.
«„Арашан“ койлорунун санын көбөйтүү, алардын сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу — ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», — деп белгиледи Илич Марсбек уулу.
Министрдин биринчи орун басары иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалап, мындай эл аралык аянтчалар тажрыйба алмашууга, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана ата мекендик «Арашан» тукумун дүйнөлүк рынокто таанытууга чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.