
.
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө кар жаады.
Бийик тоолуу аймактан тартылып алынган тасмаларда жана сүрөттөрдө эртең мененкисин аймакты калың кар каптап, күз мезгилине карабастан аймакта чыныгы кыш өкүм сүрүп жатканын көрүүгө болот.
Ак-Сай өрөөнү деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан, мындай аба ырайынын өзгөрүшү жана мезгилсиз кар жаашы чабандар менен жергиликтүү тургундар үчүн көнүмүш көрүнүш.
Адистер тоолуу аймактарга жолго чыга турган айдоочуларды жана малчыларды аба ырайынын өзгөрүүсүн эске алууга, унаалардын дөңгөлөктөрүн тийиштүү түрдө даярдоого чакырат.