
Кечээ, 29-июнда жай мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча жаңы рекорд катталды. Бир сутка ичинде жалпы 47 миллион 112 миң киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылганын Энергетика министрлиги билдирди.
Өткөн жыл менен салыштырганда, 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион киловатт-сааттын тегерегинде болгон.
«Улуттук электр тармагы» керектөөнүн өсүшүн көп кабаттуу үйлөрдүн көбөйүшү, социалдык жана өндүрүш объектилеринин ишке берилиши, ошондой эле абоненттердин санынын жыл сайын орточо 30 миңге өсүшү менен байланыштырды.
Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.



