
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл аймагында жайгашкан балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусу каза болду. Бул маалыматты Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан ырастады.
Анын айтымында, өспүрүм 28-июнда ооруканада көз жумган. Алгач дене табы көтөрүлүп, саламаттыгы начарлап кеткендиги айтылууда.
Акимдин маалыматына ылайык, соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгында өспүрүмдүн ур-токмокко кабылган белгилери аныкталган эмес.
Маркум ошол эле күнү жерге берилген. Белгилүү болгондой, ал аталган балдар үйүндө эжеси менен бирге тарбияланып жаткан.
Баяке уулу Болоткан мекемеде учурда 18 бала тарбияланып жатканын билдирип, алар үчүн түзүлгөн шарттарды орточо деңгээлде деп баалады.
Ал эми бул окуя боюнча Агартуу министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.



