
Бишкек шаарында коомдук транспортто жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен 35 жаштагы эркек кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда автобуста эркек кишинин жашы жете элек кыздын санына колун коюп баратканы тартылган видео тараган.
Милициянын маалыматына ылайык, окуядан кийин кыздын апасы арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Укук коргоо органдары жарандарды мындай көрүнүштөргө кайдыгер карабоого чакырып, күбө болгон учурда дароо 102 кызматына кабарлоону өтүнүштү. Ошондой эле жашы жете электерге карата жасалган укук бузууларга ыкчам чара көрүү өзгөчө маанилүү экенин белгилешти.



