
Францияда июнь айындагы тарыхтагы эң күчтүү ысык толкуну олуттуу кесепеттерге алып келди. Өлкөнүн Саламаттык сактоо агенттигинин маалыматына ылайык, 24-июндан бери кадимки көрсөткүчтөн болжол менен 1 миңге көп адамдын каза болгону катталды.
Алардын басымдуу бөлүгү улгайган адамдар болуп, бийлик каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
Ысык толкуну 20-июнда башталып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 40–42°Cге чейин көтөрүлдү. Айрым жерлерде жаңы тарыхый рекорддор жаңырып, Франция боюнча орточо суткалык температура буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти.
Экстремалдуу аба ырайынан улам өлкөдө миңден ашуун мектеп жабылып, темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады, электр энергиясы үзүлгөн аймактар катталды. Ошондой эле бийлик калкты күндүн эң ысык маалында сыртка чыкпоого жана өзгөчө кары-картаңдарга жардам көрсөтүүгө чакырды.
Адистер бул ысык толкунун Европада буга чейин катталган эң оор климаттык окуялардын бири деп баалап, анын күчөшүнө климаттын өзгөрүшү олуттуу таасир эткенин белгилешүүдө.



