
Бишкек мэриясы жаңы баш кошкон жубайларга арналган "Сүйүү дарагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизди. Анын алкагында түгөйлөр никеге турган күнүнүн урматына шаар аймагына бак отургуза алышат.
Долбоорго катышуу үчүн мэриянын расмий сайтындагы "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу" бөлүмүнө бак отургузуу күнүнө кеминде эки жума калганда арыз берүү зарыл.
Катышуучулар бак отургузуучу күндү, убакытты жана жайгашкан жерди өздөрү тандап, кызмат акысын QR-код аркылуу төлөй алышат. Мындан тышкары, жакындарына белек катары бак отургузууга сертификат сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Долбоордун алкагында 0 (880) 00-51-23 телефонуна биринчи болуп кайрылган алгачкы беш түгөйгө көчөттөр акысыз берилет.
Бак отургузуунун баасы мезгилге жараша өзгөрөт. 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу 15 миң 500 сом, ал эми 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу 7 миң 800 сом деп белгиленген.



